Плерома
Pleroma – ActivityPub колдоого алган башка серверлерди бириктире турган (=билдирүүлөрдү алмашуу) микроблог серверинин программасы. Бул деген эмнени билдирет, сиз өзүңүзгө же досторуңузга сервер жайгаштырып, онлайн инсандыгыңызды көзөмөлдөй аласыз, бирок дагы эле чоңураак серверлердеги адамдар менен билдирүүлөрдү алмаша аласыз. Pleroma Friendica, GNU Social, Hubzilla, Mastodon, Misskey, Peertube жана Pixelfed сыяктуу ActivityPub ишке ашырган бардык серверлер менен биригет. Pleroma Elixir менен жазылган жана маалыматтарды сактоо үчүн PostgresSQL колдонот. Бул Raspberry Pi сыяктуу аз кубаттуу түзмөктөрдө иштетүү үчүн жетиштүү эффективдүү (бирок биз маалымат базасын ички SD картада сактоону сунуш кылбайбыз 😉 бирок күчтүүрөөк жабдыкта иштегенде жакшы масштабдалышы мүмкүн (азыр бир түйүндүү болсо да).
Сиз көзөмөлдөп турасыз жана сиз серверди өзүңүз да жайгаштырсаңыз болот. Жарнамалар жок жана маалымат чогултулбайт.